АКШнын армия кызматкерлери: дүйнөдөгү алдуу-күчтүү мамлекеттер аталды. Тизме

Американын U.S.News журналы дүйнөдөгү эң алдуу-күчтүү мамлекеттердин тизмесин жарыялады.

Тизмеде биринчи орунду АКШ, андан кийин Россия жана үчүнчү орунду Кытай ээлеген.

Рейтингди түзүүдө мамлекеттердин ички дүң өндүрүмү (ИДӨ), калкынын саны жана ИДӨнүн жан башына туура келген көрсөткүчү эске алынган.

Журналисттердин баамында алдуу-күчтүү өлкөлөр тууралуу көп маалымат жазылат, саясий аренада чоң таасири бар, ошондой эле глобалдык экономикалык моделдин түзүлүшүндө башкы ролду ойнойт.

Ал эми дүйнөдөгү процесстерге таасир бере албаган мамлекеттердин катарына Словакия, Словения, Эстония, Латвия жана Литва кирген.

Добавить комментарий