Бир аз төмөндөөдөн кийин Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллар менен евронун курсунун өсүшү уланды.
6-апрелге карата эртең менен доллар 94 сом, сатып алуу 92,5 сом, евро 102,5 сом, сатып алуу 100,5 сомду түздү.
Улуттук банктын расмий курсу: доллар – 85,70 жана евро – 94 сом.
Эске салсак, 30-мартта финансылык жөнгө салуучу орган 4 жылдан бери биринчи жолу 5,4 миллион доллар сатып алган.
Кийинчерээк, 31-мартта Улуттук банк курсту тегиздөө үчүн дагы 14,5 миллион доллар сатып алды.