КР Улуттук инвестиция агенттигинин директору Умбриэль Темиралиев ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн GLOBAL G.A.P сапат сертификатын алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.
Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү үчүн GLOBAL G.A.P. эл аралык сапат сертификатын алуу тартиби иштелип чыгат. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошол эле учурда Кыргызстанда ата мекендик кайра иштетүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу үчүн курстарды ачуу пландалууда. Улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев бул маселелерди Кельн шаарында (Германия) GLOBAL G.A.P компаниясынын башкы директору Кристиан Мюллер менен жолугушууда талкуулады.
Темиралиев Кыргызстандагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк практикасы жана ата мекендик органикалык продукциянын артыкчылыктары тууралуу айтып, анын экспортту көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.
Мюллер белгилегендей, Борбор Азия чөлкөмүнүн ичинен анын компаниясы Өзбекстан менен активдүү кызматташып келе жатат, бүгүнкү күндө 238 өндүрүүчүнүн колунда GLOBAL G.A.P сертификаты бар, бул аларга өз продукциясын тышкы рынокторго жигердүү экспорттоого жардам берет.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү үчүн технологиялык картаны иштеп чыгууну баштоого макулдашышты, ага ылайык алар бул сертификатты ала алышат, ошондой эле кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзө алышат.
Ошондой эле, агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев DEG (Deutsche Investitions- und Entwicklungsgesellschaft, DEG) инвестициялык корпорациясынын башкы директору Роланд Зиллер менен Кыргызстандын каржы институттары менен кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулады.
«Жолугушуунун максаты — Кыргызстандагы узак мөөнөттүү долбоорлорду каржылоону камсыздоо үчүн ири европалык каржы институту менен кызматташууну түзүү», — деп белгилейт Улуттук агенттик.
GLOBAL G.A.P уюму айыл чарба продукциясын сертификациялоонун стандарттарын белгилейт. Бул продукциянын коопсуздугуна багытталган дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба сапатын көзөмөлдөө системаларынын бири. Мындан тышкары, анын толугу менен ачык-айкын иш-аракеттери стандарттардын дүйнө жүзү боюнча ырааттуу сакталышын камсыз кылат.
GLOBAL G.A.P айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сертификациялоо жана баалоо үчүн жекече чечимдерди жана окутуу программаларын иштеп чыгат. Бүгүнкү күнгө чейин 119 өлкөдө 155 000ге жакын негизги өндүрүүчүлөр сертификациядан өткөн.