731 доллар – экономисттер ар бир Кыргызстандыктын карызын эсептешти

Экономисттер жана укук коргоочулар биздин мамлекеттин карызы өлкөнүн ар бир жаранына карата канчага барабар экендигин эсептеп чыгышты.

Июль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ар бир жаранынын мамлекеттик карызы 731 долларга барабар. Бир айдын ичинде жүк 7,6 долларга көбөйгөн.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-июлга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы плюс ички) 4 миллиард 824,01 миллион долларды (370 миллиард 267,71 миллион сом) түздү. Анын ичинде 4 миллиард 169,6 миллион доллар (320 миллиард 39,21 миллион сом) – тышкы, ал эми 654,41 миллион доллар (50 миллиард 229,51 миллион сом) – ички.

Бир ай ичинде өлкөнүн мамлекеттик карызы 50,09 миллион долларга көбөйгөн. Тышкы карыз 62,88 миллион долларга көбөйсө, ички, тескерисинче, 12,8 миллион долларга азайган.

2020-жылдын июль айынын аягында мамлекеттик карыз ИДПнын 63,49 пайызын түздү.

Баарынан да, республика көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга – 1 миллиард 861,99 миллион доллар (тышкы карыздын 44,7 пайызы) жана Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкына – 1 миллиард 776,29 миллион доллар (Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 42,6 пайызы) карыз.

Добавить комментарий