2023-жылы 40 инновациялык долбоор мамлекет тарабынан каржыланат

Кыргызстанда келерки жылы “40 район – 40 демилге” долбоорунун алкагында 40 мыкты ата мекендик долбоорлоочу мамлекеттик колдоо жана каржылоого ээ болот.

2023-жылы Кыргызстанда “40 район – 40 демилге” долбоорун практикалык түрдө ишке ашыруу башталат. Бул тууралуу 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Рахат Керимбаева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызпатентке каржылоого иштеп чыгуучулардан 98 арыз келип түшкөн.

«Каржылоо долбоору ишке кирүүгө даяр. Ведомстволор аралык комиссия келип түшкөн 98 долбоордун ичинен 40 долбоорду тандап алып, жыйынтыгы боюнча алар өз идеясын ишке ашыруу жана жайылтуу үчүн 1 миллион сомго чейин алышат», — деди Керимбаева.

Ал кошумчалагандай, департамент азыр ата мекендик иштеп чыгуучулардын эмгегин монетизациялоонун жана коммерциялаштыруунун ар кандай жолдорун карап жатат.

Эске салсак, “40 район – 40 демилге” долбоорунун алкагында Кыргызстандын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоо тартиби жөнүндө жобо ушул жылдын июль айында министрлер кабинети тарабынан бекитилген. Бул долбоор өлкөнүн аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарында инновациялык долбоорлорду стимулдаштырууга жана илгерилетүүгө багытталган.

Добавить комментарий