2022-жылдын биринчи валюталык интервенциясы жасалды

Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 12-январында быйылкы жылдын биринчи валюталык интервенциясын билдирди.

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна 70,1 миллион доллар сатуу менен чыкканы, ал тургай 2021-жылга салыштырмалуу эң чоң интервенциялардын бири болгону маалымдалды.

Кошумчалай кетсек, 27-декабрда Улуттук банк 2021-жылдагы акыркы интервенцияны ишке ашырганда 65 миллион 950 миң доллар саткан.

Добавить комментарий