2021-жылы салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 4 миңге жакын айып пул салынган

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) акыркы бир жылда салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 8,4 миллион сомго 3975 айып салынганын билдирди. 6,5 миллион сом чогултулду.

Салык төлөөчүлөргө 15 миллиард сомго 74 миң 195 токтом тапшырылып, анын 4,6 миллиарды өндүрүлгөн.

Салык төлөөчүлөрдүн эсептешүү эсебине 2 млрд сомго 2 миң 464 салык төлөө талабы коюлуп, анын 481,6 миллиону өндүрүлгөн.

«Азыр ведомство салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды карыздын негизги суммасын төлөөдө чегерилген айыптарды, санкцияларды жана туумдарды эсептен чыгаруу аркылуу реструктуризациялоодо», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий