2021-жылдын 6 айында КРда автоунаа импорту 3 эсеге азайган

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанга автоунаалардын импорту азайган; 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу 15 миң автоунаа аз импорттолгон.

“Январдан июнь айына чейин өлкөгө 60,3 миллион долларлык 5494 унаа алынып келинген. Өткөн жылдын ушул мезгилинде дээрлик 20,5 миң автоунаа импорттолгон”.

Жалпы төмөндөөгө карабастан, бир нече өлкөдөн импорттун көлөмү кескин түрдө жогорулады:

  • Россия – 1536дан 2592ге чейин;
  • Түштүк Корея – 238ден 1143кө чейин;
  • Грузия – 167ден 457ге чейин;
  • Литва – 89дан 396га чейин.

Төмөнкү өлкөлөрдөн импорт олуттуу төмөндөдү:

  • Казакстан – 4747ден 175ке чейин;
  • АКШ – 13509дан 448ге чейин.

Добавить комментарий