2020-жылы баалар 7,2% жогорулады

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин 2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда керектөө баалары 7,2% жогорулаган.

Ошол эле учурда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 13,2%, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына – 6,2%, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер – 2,2%, азык-түлүк эмес товарларга баалар – 1, 2%.

Жыл башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтеринин максималдуу өсүшү – 10% Талас облусунда катталды, бул азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын эң көп өсүшүнө байланыштуу – 20,1%.

Ноябрь айында, мурунку айга салыштырмалуу, жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтери 1,8% жогорулады, бул алардын азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга – 3,3% өсүшүнө байланыштуу болду, азык-түлүк эмес товарларга баалар ушул мезгил ичинде 0,7% жогорулады, калкка көрсөтүлгөн кызматтар үчүн тарифтер – 0,5%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары үчүн – 0,3%.

Ноябрь айында керектөө бааларынын жана тарифтеринин өткөн айга салыштырмалуу өсүшү республиканын бардык аймактарында белгиленди. Азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баанын максималдуу өсүшү Нарын облусунда катталган – 4,8%. Республиканын бардык аймактарында азык-түлүк эмес товарларга баанын өсүшү байкалган, Талас облусунан тышкары – 0,3% төмөндөгөн. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерине токтолсок, ушул жылдын ноябрь айында өткөн айга салыштырмалуу алардын өсүшү республиканын бардык аймагында байкалган.

Добавить комментарий