2020-жылдын башынан бери Маданият министрлигине канча каражат сарпталды

Бюджеттик чыгымдар: Жыл башынан бери Маданият министрлиги бюджеттен 17,1 миллион сом сарптады (бюджеттик беренелер)

2020-жылга Маданият, маалымат жана туризм министрлигин кармоого бюджеттен 26,4 миллион сом бөлүнгөн, анын ичинен 17,1 миллион сом 2020-жылдын 1-январынан 1-сентябрына чейинки мезгилде сарпталган. Мындай маалыматтарды “Ачык бюджет” порталы берет.

Ошол эле учурда баарынан көбү эмгек акыга сарпталды – 13,8 млн сом, анын ичинен 10,3 млн сом негизги эмгек акы. 3,5 миллион сом кошумча төлөмдөргө жана компенсацияларга сарпталды.

Товарларды жана кызматтарды пайдаланууга 412,3 миң сом сарпталды. Социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөр 1,6 млн. сомду түздү.

Добавить комментарий