11 ай ичинде мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен канча акча кетти?

Быйылкы жылдын 11 ай ичинде мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 24,6 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

«Тышкы карызга дээрлик 13 миллион сом кетсе, ички бересеге 11,6 миллион сом бөлүндү», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2019-жылдын 31-октябрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 миллиард 530 миллион АКШ долларын түздү. Сом менен эсептегенде бул 316 миллиард 279 миллион сом. Бул 2019-жылга болжолдуу ИДПнын 52,7 пайызына барабар.

Мамлекеттик карыз — бул тышкы жана ички карыз.

Добавить комментарий