Жапон окумуштуулары эстутумду өчүрүү жөндөмдүүлүгүн ырасташат

Жапонияда окумуштуулар адамдардын эс тутумун өчүрө аларын айтышты.

Киото университети «Кара кийимчен кишилер» тасмасындагыдай эс тутумду өчүрүүчү нейтрализаторду жаратты. Бул тууралуу Science журналында жарыяланган макалада айтылат.

Белгиленгендей, буга чейин окумуштуулар муну чычкандарда жасашкан. Эстутумду өчүрүү эффектине нейро-оптикалык системанын жардамы менен жетишилди. Жарык узак мөөнөттүү потенциацияда, башкача айтканда, узак мөөнөттүү эс тутум процессинде (эстутумду консолидациялоо) катышкан белокторду деактивациялайт. Эстөөлөр негизинен гиппокампта сакталат. Алар чычкандарга белок алып жүрүүчү аденовирусту сайып, андан соң гиппокампты жарык менен нурландырышкан. Натыйжада уйку учурунда маалымат кыска мөөнөттүү эс тутумдан узак мөөнөттүү эс тутумга өткөндө, чычкандын окутуу учурунда алган маалыматтары изи калбай жок болуп кеткен.

Окумуштуу Ясунори Хаяси, изилдөөчүлөр тобунун бири, жаңы ыкма синапстардын иштешинин бузулушу менен мүнөздөлгөн шизофрения жана Альцгеймер оорусун дарылоодо жардам берет деп күтөт. Ал ошондой эле жарык менен нурлануу ыкмасын «Кара кийимчен кишилер» фантастикалык тасмасында көрүүгө болот деп салыштырып, адистер ушуга окшош нерсеге жетише алышканын ырастады.

 

Добавить комментарий