Израиль «Спутник V» менен эмделген туристтерди киргизет

«Спутник V» менен эмделген туристтер үчүн Израил чек арасын ачты.ң

Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бүгүнтөн тарта Жакынкы Чыгыштагы өлкөгө учуп келүүгө мүмкүн болду.

«Эмдөөдөн өткөн жана акыркы 14 күндө «кызыл» өлкөгө барбаган туристтер Израилге кире алышат. Бирок «Спутник V» вакцинасы менен эмделгендер серологиялык анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин карантинде болушат», — деп айтылат билдирүүдө.

1-ноябрда Израил ДСУ бекиткен вакциналарды алган туристтер үчүн чек арасын ачты. Тизмеге Moderna, Pfizer, Johnson & Johnson – Janssen, AstraZeneca, Covishield, Sinopharm, Sinovac кирет.

Добавить комментарий