Кыргызстанда Жогорку Кеңештин экс-спикеринин статусун көтөрүүнү каалап жатышат. Депутаттар Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков парламенттин экс-төрагасынын статусун белгилөөгө жана мамлекеттин атынан кошумча укуктарды берүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.
Сунушта айтылгандай, мыйзам долбоорунун максаты Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасына мамлекет тарабынан белгилүү бир укуктарды жана кепилдиктерди камсыз кылуу болуп саналат. Бул демилге мурдагы аткаминерлердин өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы олуттуу ролу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуулугун сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы менен негизделет.
Учурда парламенттин экс-торагынын статусун так мыйзамдык жөнгө салуу жок, бул анын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна катышуусун камсыз кылууну кыйындатат. Мурдагы спикерге укуктук статусту белгилөө жана ага тиешелүү укуктарды жана артыкчылыктарды берүү анын коомдун турмушуна активдүү катышууга, саясий системанын туруктуулугуна салым кошуусуна шарт түзөт.
Мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан чаралардын арасында экс-спикер менен анын жубайына дипломатиялык паспорт алуу, бекер медициналык кызмат көрсөтүү, аэропорт менен вокзалдын инфраструктурасын расмий саякат үчүн бекер пайдалануу укугун берүү бар.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле Жогорку Кеңештин экс-спикерине кошумча укуктарды берүү анын өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна жигердүү катышуусуна, ошондой эле Кыргызстандын саясий тутумунда туруктуулукту камсыз кылууга өбөлгө болору болжолдонууда.