ЖККУ Арменияга жардам көрсөтүү чараларын талкуулады. Долбоор бекитилди

 

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Армения менен Азербайжандын чек араларында уланып жаткан эскалацияга байланыштуу Армения Республикасына жардам көрсөтүү долбоору макулдашылганын билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

Станислав Зась шаршемби күнү ЖККУ Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин, Коргоо министрлеринин кеңешинин жана коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин отурумунда уюмга мүчө өлкөлөр Арменияга жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө чечимдин долбоорун жалпысынан макулдашканын билдирди. Ал белгилегендей, армян-азербайжан чек арасындагы кырдаал курч бойдон калууда, атышуулар дээрлик күн сайын болуп турат.

ЖККУга Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

«Жалпысынан ЖККУ мониторинг миссиясынын жыйынтыктарынын жана сунуштарынын негизинде Армения Республикасына жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен чаралар жөнүндө Жамааттык Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоору макулдашылды»,— деп билдирди Зась ЖККУ Тышкы иштер, коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын отурумунда.

Анын айтымында, тынчтык келишимине жетишүүдө Еревандын өзүнүн аракети оң роль ойнойт. Станислав Зась кошумчалагандай, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз үч сессиясы Арменияга коркунуч туудурган маселеге – май, сентябрь жана октябрда арналган.

2020-жылдын 10-ноябрында Азербайжан менен Армения Россиянын ортомчулугу менен Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшкан. 2022-жылдын 13-сентябрына караган түнү Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армениянын чек ара аймактарына ок атканда эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаал кескин начарлап кеткен.

Ошондой эле, Станислав Зась Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Борбордук Азия чөлкөмүндө биз тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга өзгөчө маани беребиз, биз ЖККУ эки мамлекетке бул максатка жетүү үчүн көмөк көрсөтүү үчүн зарыл ресурстарга жана тажрыйбага ээ деп эсептейбиз, албетте, эгерде Тажикстан жана Кыргызстан муну зарыл деп эсептейт», — деп баса белгиледи ал.

Добавить комментарий