Жээнбек Кулубаев Евробиримдиктин Брюсселдеги жыйынына катышты

Евробиримдик менен Кыргызстан энергетика, азык-түлүк жана экономикалык коопсуздукту орнотуу максатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Ведомстводон КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык боюнча Кеңештин 19-жыйынына 15-ноябрда, Брюсселде катышканын КР ТИМ кабарлады.

Еврокомиссиянын, Европанын тышкы иш-аракет кызматынын жана Евросоюзга Чехиянын төрагалыгынын өкүлдөрүнөн турган европалык делегацияны Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавский жетектеди.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу, аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелердин кеңири чөйрөсү каралды.

«Кызматташтык кеңеши эки тараптын эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана Өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюуга кызыкдар экенин ырастады. Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги тармактары боюнча жетишкендиктерди жана пландарды карап чыгышты», — деп билдирди ТИМ.

Кыргызстан менен Евробиримдик 2021-2024-жылдарга 62 миллион еврону түзгөн көп жылдык индикативдик программанын алкагында ЕБ каржылык колдоо пакетин ишке ашырууда жакшы динамикаларды белгилешти.

Ошондой эле кызматташуунун үч артыкчылыктуу багыттары: санариптик трансформация, билим берүү, жашыл жана туруктуу экономика боюнча долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун катышуучулары экономикалык, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук үчүн заманбап чакырыктарды жеңүү үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Соода мамилелерин чыңдоо максатында, преференциялардын жалпыланган схемасын колдонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуунун жана колдонуу мөөнөтүн узартуунун жолдору каралды.

Мындан тышкары, Кызматташтык кеңешинин жыйынында Борбордук Азия аймагындагы саясий жана экономикалык өнүгүүлөр жана Европа Биримдиги менен кызматташууну бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде энергетика, транспорт жана санариптештирүү тармактары каралды.

«Ошондой эле делегациялар Кыргыз Республикасында жана Европа Биримдигинде адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү маселелерин талкуулашты. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин камсыз кылуу практикасы, фейк жана кастык сөздөр менен күрөшүү боюнча пикир жана маалымат алмаштык», — деп айтылат билдирүүдө.

Жыйынтыгында тараптар саясий байланыштарды жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ачык диалогду жогорку деңгээлде кармап турууга макулдашышты.

Ошондой эле Брюсселде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа кеңешинин президентинин дипломатиялык улук кеңешчиси Магдалена Грононун жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө көп тармактуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эки тараптуу жана аймактар ​​аралык мүнөздөгү сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу пландары каралды, деп билдирди КР ТИМ басма сөз кызматы.

Добавить комментарий