Жээнбек Кулубаев БУУнун адам укуктары боюнча 52-сессиясында сүйлөйт


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-86949-1677682977-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

2023-жылдын март айынын башында Кр БУУнун АУК Кеңешине мүчөлүгүнүн башталышына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аталган органдын 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги Сегментинин жыйынында сөз сүйлөйт. 

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын коргоого арналган БУУнун тутумундагы эң таасирдүү өкмөттөр аралык органдардын бири. 52-сессиянын күн тартибинде адам укуктарын, анын ичинде жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды сактоо жана коргоо боюнча эң актуалдуу маселелер талкууланат.

Иш-чарага 150дөн ашуун өлкөнүн өкмөт башчылары жана тышкы иштер министрлери, ошондой эле БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш жана адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк катышуусу пландалууда.

Иш сапардын алкагында 1-2-март күндөрү Кулубаев Женевада эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДСУ, МОМ, МТС, ЮНКТАД жана башкалардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо.

Добавить комментарий