Өзбекстандын парламенти Кыргызстан менен чек аранын талаштуу тилкелери боюнча мыйзам долбоорун ратификациялады

Дүйшөмбү күнү, 14-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Жогорку Кеңеши кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери боюнча мыйзам долбооруна кол койду.

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу боюнча мыйзам долбоорун ратификациялады, деп билдирет Kaktus.media.

Документти бир эле учурда үч окууда 100дөн ашык депутат колдоду. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов парламентарийлерге маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун белгиледи.

«Узак сүйлөшүүлөр жүрүп, чек ара кылдаттык менен ченелип, бир нече жолу өкмөттөр аралык жолугушуулар болуп, архивдик документтер каралып, андан кийин гана сунуштар даярдалган. Урматтуу президентибиздин кошуна Кыргыз Республикасы менен достук мамилени чыңдоо боюнча демилгелеринин негизинде жалпы узундугу 302 чакырымды түзгөн, мурда чечилбей келген 35 участокту тактоо процесси акыркы баскычка өттү. Биз бул келишимге беш жылдан ашык убакыт жумшадык. Бүгүн сиздерге сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен тастыкталган келишим биз үчүн оңой болгон жок. Кол коюлган документ биздин республика үчүн стратегиялык маанидеги бир катар көйгөйлөрдү чечет», — деди Арипов.

Эске салсак, 23-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдык көрүү фактысы боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, РИИБге жана ИИМдин борбордук аппаратына 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды алып келишкен.

Бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн. Кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилди.

Добавить комментарий