ТМУ кызматташтыкты бекемдейт жана жарандык коргонуу механизмин түзөт

Анкарада өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чукул жыйынынын жыйынтыгында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Алардын арасында Анкара декларациясы, жарандык коргонуу механизми жана Түрк инвестициялык фонду кезексиз ТМУ саммитинде негизги чечим болгон.

Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары кол койгон Анкара декларациясында ТМУнун мындан аркы өнүгүшү жана анын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бекемделиши айтылат.

Ошондой эле катышуучу-мамлекеттерге ар кандай өзгөчө кырдаалдар жана коркунучтар менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берүүчү ТМУ жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары, ТМУ мүчө-мамлекеттеринин өкмөттөрү мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Бул документтерге кол коюу Түрк мамлекеттер уюмунун өнүгүүсүндөгү жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.

Добавить комментарий