ТИМ башчысынын орун басары менен Палестинанын элчиси кызматташтыкты чыңдоонун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-92063-1684906338-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Мохаммед Авад менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кызматташтыкты чыңдоонун негизги багыттарын аныкташты. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.

Жолугушууда тараптар ар кандай приоритеттүү багыттарды, анын ичинде келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, түрдүү деңгээлдеги байланыштарды жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты.

Артыкбаев Кыргызстандын Палестина менен өз ара пайдалуу кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле эки тараптуу мамилелерде жаңы деңгээлге чыгуу үчүн өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Элчи Жавад Авад жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшаарына ишендирди.

Добавить комментарий