Ташиев: Кыргызстан менен Тажикстан эпке келүүгө даяр

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. КР УКМК башчысынын айтымында, сүйлөшүү процессинде белгилүү жылыш бар.

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүдө тажик тарап менен тил табыша баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бир күн мурун «Регион ТВ» телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал жакында эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен бирге Дүйшөмбүгө барган.

«Эгерде мурда сүйлөшүү процесстери көп учурда токтоп калса, азыр бири-бирибизди түшүнө баштадык. Өз ара жеңилдиктер болмоюнча чек ара маселесин чече албайбыз деген да түшүнүк бар. Башкача айтканда, жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө эки тараптын умтулуусу бар», — деди ал.

Ташиев кошумчалагандай, Тажикстан менен чек ара маселеси Өзбекстан менен кандай болсо, ошондой чечилет.

«Биз бардык керектүү документтерди даярдап, андан кийин президентке көрсөтүп, парламенттин кароосуна киргизебиз. Буга чейин парламентте бул маселе кеңири талкууланат», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары жакында Тажикстандан Кыргызстанга чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн расмий делегация келерин билдирди.

«Биз чек ара маселелерин сүйлөшүү жолу менен гана чечебиз. Азыр тажик тарап менен тыгыз иштешип жатабыз. Кудай буюрса, жакында белгилүү бир жылыштар болот», — деп жыйынтыктады ал.

Добавить комментарий