Тайвань Пекин аралга кол салышы мүмкүн деп олуттуу түрдө ырастоодо

Тайвандын президенти Цай Инвэнь аралга Кытайдын чабуулу сөзсүз болоорун жана бул жакынкы келечекте болушу мүмкүн экенин билдирди.

Кытайдын Тайванга басып кириши жакында болушу мүмкүн, бул жөн эле сөз эмес. Бул тууралуу Тайвандын биринчи аял президенти Цай Инвэнь билдирди.

«Бул (баскынчылык — ред.) бизде болушу мүмкүн экени чын», — деди Цай америкалык The Atlantic журналынын журналисти менен болгон маегинде. — Демек биз даяр болушубуз керек. Чыныгы коркунуч бар. Бул жөн эле сөз эмес», — деп эскертти ал.

Мындан эки ай мурун АКШнын Коргоо министрлиги Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Тайванды 2027-жылга чейин күч менен басып алууга буйрук бергенин эскерткен. Кытай Индо-Тынч океан регионунда өзүнүн саясий жана согуштук таасирин кенейтууге кызыкдар болсо да, агрессивдүү аракеттерге келгенде этияттык менен мамиле кыла тургандыгы белгиленди.

Тайвань жарым-жартылай таанылган мамлекет, аны Кытай өз аймагы деп атайт. Тайвань демократиялык өкмөт тарабынан башкарылат жана Азия чөлкөмүндөгү эң ийгиликтүү экономикалардын бири болуп эсептелет.

Расмий Пекин кайсы бир өлкөнүн Тайванга баруу же мамиле түзүү аракетин кескин четке кагууда.

АКШ Кытайдын бирдиктүү мамлекет катары мыйзамдуулугун тааныйт, ошол эле учурда арал менен байланыштарды өнүктүрүүнү улантууда.

Добавить комментарий