Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунун жыйынтыгы: Эрдоган жеңди


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-92336-1685331690-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

28-майда Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Аз гана айырма менен Эрдоган жеңишти ала алды.

Жогорку шайлоо кеңешинин (YSK) төрагасы Ахмет Йенер добуш берүүнүн чатаксыз өткөнүн билдирди. YSKга келип түшкөн бардык каршылыктар каралып, тиешелүү облустук жана райондук шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, добуштардын 90% ашыгын иштетип, Режеп Эрдоган 52% ашык добуш менен экинчи турда жеңишке жетишсе, оппозиция өкүлү Кемал Кылычдароглу 50% аз добуш алган.

CNN Turk телеканалы да добуштарды саноонун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кабарлайт: азыркы президент Режеп Эрдоган 52,12%, оппозициянын өкүлү Кемал Кылычдароглу 47,88% добушка ээ.

Эске салсак, 14-майда өткөн добуш берүүнүн биринчи айлампасында талапкерлердин бири да талап кылынган минималдуу 50% добуш ала алган эмес. Жыйынтыгында 49,52% добуш алган Режеп Тайып Эрдоган менен Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу 44,88 пайыз добуш менен «Улуттук биримдигинен» экинчи турга өттү.

Добавить комментарий