Түркия РФ менен “дан коридорун” улантуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-79327-1667207113-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Россия “дан келишиминен” чыгууну каалап, ага катышууну убактылуу токтотту. Түрк тарап сүйлөшүүлөрдү колго алып, оң жыйынтыкка үмүттөнүүдө.

Бул тууралуу жекшемби күнү Bloomberg агенттигине атын атагысы келбеген түрк расмий өкүлү билдирди.

Түрк өкүлүнүн айтымында, «сүйлөшүүлөрдө (Россия менен) жылыш болот деген оптимизмге негиз бар».

Ал ошондой эле Стамбулга келген украиналык дан ташыган кемелер текшерилип жатканын, бирок Украинадан жаңы дан ташыгычтар азырынча жөнөтүлбөй турганын кошумчалады.

Кийинчерээк Түркиянын Коргоо министрлиги орус тарап менен сүйлөшүүлөр болгонун расмий тастыктады.

“Улуттук коргоо министри (Түркия) Хулуси Акар маектештери менен сүйлөшүүлөрдү жана координациялоону улантууда, тиешелүү органдар болсо өз ара сүйлөшүүлөрдү жана координациялоону улантууда.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптарга бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамзатка оң таасирин тийгизген жана бардык кризистерди жакшы ниет жана диалог аркылуу чечүүгө болорун далилдеген демилгени улантуунун маанилүүлүгү, ошондой эле ар кандай чагымчылдыкка жол бербөөнүн маанилүүлүгү эскертилет. Бул механизмдин уланышына терс таасирин тийгизет”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Өз кезегинде, Украина, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюму 31-октябрда РФ “дан келишиминен” чыкканын жарыялагандан кийин, Кара деңизде украин эгиндери бар 14 кеменин жүрүшү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу биргелешкен координациялык борбор билдирди.

«Украина, Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун делегациялары 31-октябрда деңиздеги гуманитардык коридор боюнча 14 кеменин кыймылынын планын макулдашты: чыгуу үчүн 12 жана кирүү үчүн 2. Бириккен Улуттардын Уюмунун делегациясы БКБнын секретариаты катары Россия Федерациясынын делегациясын БКБнын белгиленген тартибине ылайык кемелердин кыймылы тууралуу кабарлады. БКБ процедураларына ылайык, бардык катышуучулар Кара деңиз дан демилгесинин алкагында коммерциялык кемелердин коопсуз өтүшүн камсыз кылуу үчүн өздөрүнүн аскердик жана башка тиешелүү органдары менен өз иштерин координациялашат», – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 29-октябрда Россия ишемби күнү эртең менен Севастополь булуңунда болгон “теракттан” улам “дан келишимин” ишке ашырууга катышууну токтотконун жарыялаган. РФ Коргоо министрлиги дан коридорунун коопсуздугун камсыздоого катышы бар делген Кара деңиз флотунун кемелери Севастополь булуңунда чабуулдун бутасы болгонун билдирди.

БУУ бул демилге боюнча аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу кабарлардан кийин орус бийликтери менен “байланышта” деп комментарий берди. Евробиримдик менен АКШ өз кезегинде РФны “дан келишимине” катышууну кайра баштоого чакырды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын дан келишимине катышууну токтотуу тууралуу билдирүүсү күтүлгөнүн, анткени Москва азык-түлүк кризисин ушул жылдын сентябрь айында курчута баштаганын белгиледи.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба оккупацияланган Севастополь булуңунда орусиялык кемелерге кол салуу Москванын “дан келишиминен” чыгуусуна шылтоо болгонун, анткени аны үзгүлтүккө учуратуу боюнча кадамдар андан алда канча мурда башталганын белгиледи.

Белгилей кетсек, “дан келишими” ноябрда аяктамак, эгер анын талаптары аткарылбаса, Россия келишимден чыгабыз деп коркуткан.

Добавить комментарий