Түркия Кыргызстандын ФЕТӨ террордук уюмуна карата позициясына канааттанганын билдирди

 

Түркия парламентинин спикери Мустафа Шентоп Кыргызстандын азыркы ФЕТӨ террордук уюмуна жана андан келип чыккан коркунучка карата позициясы Түркияны канааттандыраарын белгиледи.

Бул тууралуу Мустафа Шентоп 22-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурлан Шакиев менен болгон жолугушууда билдирди, деп жазат Anadolu.

Түркия дос жана боордош өлкөлөргө Фетхуллах Гүлендин террордук уюмунун коркунучу тууралуу эскертүүсүн улантууда, деди. Шентоп бул маселе боюнча расмий Бишкектин позициясына канааттангандыгын билдирди.

«Түрк парламенти улуттук боштондук күрөштүн башатында турган. Кийинчерээк 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракети учурунда Түркиянын жогорку мыйзам чыгаруу органы Гүлен террорчулары тарабынан жардыруу болгон учурда да ишин токтоткон эмес», — деп эскерет ал.

Шентоп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара аракеттенүү түрк дүйнөсүндө жана жалпы эл аралык коомчулукта коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда чоң роль ойноорун белгиледи.

Ал кошумчалагандай, заманбап дүйнөдө Борбордук Азияда стабилдүүлүктү камсыздоо глобалдык трансформациялардын жана бийлик уюлдарынын кайра калыптанышынын шартында дагы да маанилүү болуп калды.

«Бардык өлкөлөр дүйнөлүк геосаясаттагы күчтөрдүн жаңы тизилишинде өз ордун ээлегенге аракет кылып жатышат. Мунун баары бизден аймактык жана глобалдык маселелер боюнча, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн институттарынын алкагында тыгыз консультацияларды жүргүзүүнү талап кылат», — деди ал.

Эске салсак, түрк бийлиги дааватчы Фетхуллах Гүлендин уюмдарын ФЕТӨ деп атап, террорчу деп эсептейт. Өз кезегинде Гүлендин жолдоочулары өздөрүн коомдук, маданий жана билим берүү кыймылы катары көргөзүшөт. Өзүн-өзү аныктоо боюнча, Гүленчилер балдарга светтик жана диний билим берүү үчүн жарандык бирикме болуп саналат.

ФЕТӨ уюмунун Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгү тууралуу маселе түрк бийлиги тарабынан биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. 2016-жылы Түркиядагы окуялардан бери расмий Анкара Гүлендин тарапкерлерин Кыргызстандан экстрадициялоо маселесин бир нече жолу көтөргөн.

24-июнда Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Мустафа Шентоп ФЕТӨ уюму Түркиянын өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан өлкөлөр менен болгон мамилесин бузуп жатканын айтып, Кыргызстандагы ФЕТӨ уюмунун ишмердүүлүгүн токтотуу «эки өлкөнүн достугун чыңдоо зарылчылыгы» экенин белгилеген.

Добавить комментарий