Сот Теңгиз Бөлтүрүктүн СИЗОдо камакта болууну дагы эки айга узартты

Бишкектин Октябрь райондук соту Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктүн камактагы мөөнөтүн 2023-жылдын 10-январына чейин узартуу чечимин чыгарды.

Буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүк 2022-жылдын 10-ноябрына чейин КР УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.

13-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктү камакка алганын билдирди. Аны менен бирге камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» кызматкерлери кен казуучу ишканадагы коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалганын түшүндүрдү. Маалым болгондой, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сом зыян келтирилген 3 кылмыш иши козголгон.

15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктүн бөгөт коюу чарасын 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. 3-октябрда шаардык сот арызды карап, жыйындын жыйынтыгында биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылган. Азыр Бөлтүрүк УКМКнын СИЗОсунда отурат.

Бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча сот отурумунда Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтып, бирок кол алдындагыларды көзөмөлдөй албай жатканын белгиледи.

«Мага коюлган айыптардын баары жалган жана абсурд. Мен эки чоң компанияда менеджер болуп, юридикалык иштер менен да алектенчүмүн. Жумушум көп, физикалык жактан баарын башкара албайм. Кээ бирлери чындап эле коррупция менен алектенип, айрымдары өлкөдөн чыгып кетишкен. Мага тагылган айыптардын бардыгы акылга сыйбайт. Өлкө үчүн мен колумдан келгендин баарын жасадым. Мен чынчылмын жана айлык менен жашайм, эч кандай “сыйлыктар” болгон эмес. Бардык кырдаал мени таң калтырат. Мен тазамын. Документтерди, бардык катышуучуларды текшеришсин. Менин жетекчилигимде көп адамдар иштеди», — деди Бөлтүрүк.

2-ноябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгү жана ишкананын мурда камалган мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктүн иши тууралуу суроолорго жооп берди.

Мамлекет башчысы маегинде Азимбек Бекназаровдун “Теңгиз Бөлтүрүк саясий өңүттөн кармалып, бардык күнөөнү ага арткысы келип жатат” деген сөзүнө жооп берди.

«Алтын уурдасак, тескерисинче, чет өлкөгө качып кетүүгө мүмкүнчүлүк берип, анан аны ууру экенин ачыкка чыгармакпыз. Тескерисинче, дизель майын жогорулатылган баада сатып алганы үчүн качып кетпесин, баарына жооп берсин деп камап койгонбуз. Башкы прокуратура, УКМК жана ИИМден 15 адамдан турган тергөө тобу түзүлдү. Учурда бардык маселелер боюнча тергөө амалдары, текшерүүлөр жүрүп жатат. Тергөө бүтсүн, келтирилген зыяндын суммасы такталат. Бардык зыянды калыбына келтирсин, бизде ушундай принцип бар», — деди Жапаров.

Теңгиз Бөлтүрүк өзү СИЗОдон жазган катында “Кумтөрдө” коррупциялык келишимдер кыска мөөнөттө токтотулуп, чыгымдарды 16% кыскартууга мүмкүн болгонун белгилеген.

Добавить комментарий