Садыр Жапаров ТМУ башчыларынын саммитинде түрк байланыштарын чыңдоого чакырды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80229-1668178031-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Самарканд шаарында өткөн Түрк мамлекеттеринин башчыларынын саммитинин IX жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү: 

«Урматтуу Шавкат Миромонович,

Урматтуу делегация башчылары!

Сиздер менен бүгүн эзелтен бери Улуу Жибек жолунун тарыхында Чыгыш менен Батышты байланыштырып келген байыркы Самарканд шаарында кайрадан жүз көрүшүп жатканыма чоң кубанычтамын!

Урматтуу Шавкат Миромонович, Сизге жылуу меймандостук жана иш-чараны мыкты уюштургандыгыңыз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирип, Уюмда төрагалыкты кабыл алышыңыз менен куттуктайм.

Өзбек кесиптештерибизге Уюмдун ишмердүүлүгүн мындан ары чыңдоодо албан-албан ийгиликтерди каалайм.

Ошондой эле, жалпы кыргыз элимдин жана өзүмдүн атымдан бүгүнкү иш-чаранын алкагында Самарканд шаары „Түрк дүйнөсүнүн цивилизациясынын борбору“ деп жарыяланышы менен Сизди жана боордош өзбек элин чын дилимден куттуктайм.

Муну менен бирге, Түркия Республикасынын Президенти, урматтуу Режеп Тайип Эрдоган мырзага биздин Уюмга жемиштүү төрагалык кылганы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирип, „Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени“ менен сыйланышы менен куттуктайм.

Ошондой эле, боордош Түркмөнстандын Элдик Маслахатынын Төрагасы урматтуу Гурбангулы Мяликгулиевич Бердымухамедовду дагы „Түрк дүйнөсүнүн эң жогорку ордени“ менен сыйланышы менен куттуктоого уруксат этиңиздер.

Аталган жогорку даражадагы сыйлыктар, сыйлык ээлеринин биздин Уюмубуздун эл аралык кадыр-баркын көтөрүүгө кошкон жеке салымдарын ачык-айкын далилдейт деп эсептейм.

Ардактуу кесиптештер,

Жакында эле менин кымбаттуу досум, Азербайжандын Президенти Илхам Гейдарович Алиев экөөбүз визиттер менен алмашып, мамлекеттер ортосундагы мамилелерибизди стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине чыгардык.

Андан соң Казакстандын ордо калаасы Астанага барып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелович менен жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм.

Учурдан пайдаланып, казак элине келе жаткан президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүшүн каалап, анын жыйынтыктары өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнө салым кошооруна ишеним билдирем.

Ошондой эле иш-чарага байкоочу мамлекет болгон Венгриянын катышып жатканына кубанычтамын.

Виктор Орбан мырзанын жеке колдоосу менен венгер тарап интеграциялык процесстерибизге активдүү катышып, түрк дүйнөсүнүн тилектештигинин бекемделишине чоң салым кошууда.

Урматтуу делегация башчылары,

Сиздерге Түрк мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы кызматына Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин колдогонуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Анын кесипкөйлүк жана инсандык сапаттары биздин Уюмубуздун дараметин мындан ары чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишеним артабыз.

Ал бүгүн биздин делегациянын курамында, Кубанычбек Өмүралиевди тааныштырууга уруксат бериңиздер.

Муну менен бирге, Багдад Култаевич Амреев мырзага Уюмдун Башкы катчысы кызматындагы жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Урматтуу кесиптештер,

Бүгүнкү Самиттин темасы „Түрк цивилизациясынын жаңы доору — жалпы өнүгүү жана өркүндөөгө карай бирге“ деп аталат.

Соңку эки-үч жылда, жер жүзүндө эл аралык маанидеги ар түрдүү чакырыктар пайда болду.

Учурда дүйнөдөгү туруксуз кырдаал менен катар, аймактык коопсуздук маселелери алдыңкы планга чыгууда.

Албетте, тынчсызданууну жараткан мындай абал биздин өлкөлөрүбүздөн тыгыз кызматташууну, өз ара сый-урматты күчөтүүнү жана аракеттерибизди бириктирүүнү талап кылат.

Кыргыз Республикасы чыр-чатактын кандай гана түрү болбосун тынчтык жолу жана жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылдыгы боюнча өзүнүн өзгөрүлбөс позициясын карманарын дагы бир жолу ырастайм.

Урматтуу кесиптештер,

Биз боордош түрк мамлекеттеринин ортосундагы жогорку деңгээлдеги байланыштарыбыздын ургаалдуу динамикасын канааттануу менен белгилейбиз.

Бүгүн биз маанилүү көйгөйлөрдү чогуу талкуулап, түрк даанышмандыгына мүнөздүү болгон пайдалуу чечимдерди чогуу табалы деп жатабыз.

Өткөн Саммитте кабыл алынган „Түрк дүйнөсүнүн көз карашы — 2040“ программасынын негизинде мүчө мамлекеттер быйыл „2022-2026-жылдарга Түрк мамлекеттер уюмунун Стратегиясын“ макулдашып, аны биз бүгүнкү Саммитте кабыл алууну пландаштырып жатабыз.

Бул документ түрк мамлекеттеринин саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык жана башка көптөгөн тармактардагы келечектеги кызматташтыгы жана карым-катнаштары үчүн „колдонмо“ болуп калат.

Кымбаттуу достор,

Өлкөлөрүбүздүн экономикалары коронавирус пандемиясынын терс таасиринен али толук чыга элек жана эл аралык чыңалуудан улам жаңы сыноолорду баштан кечирүүдө.

Учурдагы кризис шартында биздин өлкөлөр уюмдун ичиндеги соода алакаларын кеңейтүү жана жаңы жеткирүү ыкмаларын табуу үчүн дагы тыгыз кызматташуусу зарыл.

Кыргызстан менен Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданын көлөмү былтыркы жылы 40 пайызга өскөнүн белгилегим келет.

Экспортту жана импортту көбөйтүү үчүн сооданын түзүмүн оптималдаштыруу, экспортко багытталган биргелешкен өндүрүштү түзүү, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү зарыл.

Соода-экономикалык кызматташтыгыбызды мындан ары прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн транспорт маселеси дагы чоң мааниге ээ.

Маалым болгондой, жакын арада биз „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоону пландаштырып жатабыз.

Бул долбоор батыш өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү менен бирге, Транскаспий транспорттук маршрутунун иштеп жаткан темир жол линияларын жана автомобиль байланыштарын толуктайт.

Урматтуу делегация башчылары!

Кыргыз Республикасы Түрк мамлекеттери уюмунун Инвестициялык фондун түзүү демилгесин колдойт, бул Уюмдун мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө жаңы дем берери шексиз.

Кымбаттуу достор,

Маалым болгондой, 2021-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы үстүбүздөгү жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялаган.

“Тоо күн тартибин” мындан ары да илгерилетүү максатында Кыргыз Республикасы “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясынын долбоорун алдыга жылдырууда, анын алкагында биз 2023-2027-жылдарды „Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер“ жылдары деп жарыялоо демилгесин көтөрүп жатабыз.

Ушул жылдын май айында БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында биздин өлкө Беш жылдык пландын концепциясын сунуштаган.

Бул демилгебизди колдоп коюуңуздарды өтүнөбүз.

Урматтуу делегация башчылары!

Бүгүн айтылган бардык демилгелер, сунуштар, сын-пикирлер келерки жылы кылдат изилденип, талданып, ишке ашырылат деп ишенебиз.

Ал эми кабыл алынган тарыхый чечимдер, белгиленген пландар биздин кызматташуубузду мындан ары илгерилетүү үчүн кызмат кылышына үмүт артабыз.

Күч биримдикте экенин билебиз.

“Ырыс алды — ынтымак” деп айтылат кыргыз элдик макалында.

Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бир бөлүгү катары, мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана колдоонун негизинде боордош түрк байланыштарын бекемдөө ишин жигердүү уланта бермекчи.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!».

Добавить комментарий