Садыр Жапаров Самаркандда өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат

КР Президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышуу үчүн Самаркандга учуп кетет.

10-11-ноябрда Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун биринчи саммити өтөт. Саммитке Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Түркия мамлекет башчылары катышат. Байкоочу катары Түркмөнстан парламентинин төрагасы жана Венгриянын премьер-министри да чакырылган.

Жолугушууда лидерлер экономика, транспорт жана соода маселелерин талкуулашат.

Саммитте уюмдун келерки беш жылдыкка карата стратегиялык иш-аракеттер планы кабыл алынышы күтүлүүдө. Анын жүрүшүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды түрк дүйнөсүнүн эң жогорку медалы жана Өзбекстандын улуттук медалы менен сыйлоо пландалууда.

Самарканддагы саммиттин алдында 9-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономика министрлеринин, 10-ноябрда уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болот. 

Добавить комментарий