Садыр Жапаров менен Владимир Норов Өзбекстан Республикасынын президентинин алдыдагы сапарын талкуулашты

Бейшемби күнү, 3-ноябрда, КР башчысы Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын ТИМ башчысы Владимир Норовдун жолугушуусу болуп өттү.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров, кыргыз-өзбек мамилелери достук, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда динамикалуу өнүгүп жаткандыгын белгилеп, кыргыз тараптын тарыхый мурастардын, маданияттын, тилдик, руханий каада-салттардын жана баалуулуктардын жалпылыгынын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ниетин билдирди.

Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Өз кезегинде Владимир Норов Садыр Жапаровго жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёевдин атынан жылуу салам айтты.

Ал эки өлкөнүн министрлеринин деңгээлинде эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча саясий консультациялар өткөнүн билдирди.

Анын ичинде Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары, анын уюштуруу-мазмундук бөлүктөрү жана башка маселелер талкууланды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишим эки өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берери айтылды.

Добавить комментарий