Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай Касым-Жомарт Токаевдин Москвада өтүп жаткан II Евразиялык экономикалык форумда айткан сөздөрүнө комментарий бергенин Акорда билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекет башчы айткан негизги идея Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагындагы интеграция жалаң экономикалык мүнөздө болушу керек. Ал бул экономикалык аспектиден чыгуу уставдык документтерде белгиленген уюмдун максаттарына жана принциптерине карама-каршы келерин баса белгиледи.
Фейсбуктагы билдирүүсүндө Руслан Желдибай мындай деп түшүндүрдү: «Президент экономикалык интеграция өз алдынча максат эмес, экономиканы өнүктүрүүнүн жана элдердин жашоо деңгээлин жогорулатуунун каражаты катары кызмат кылаарын баса белгиледи. Бул Биримдиктин алкагында кабыл алынган чечимдер анын ар бир мүчөсүнө жана биринчи кезекте ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин жарандарына пайдалуу болушу керек дегенди билдирет».
Руслан Желдибай да Токаевдин көп деңгээлдүү интеграция тууралуу сөзүнө комментарий берди. Ал белгилегендей, «учурда Россия менен Беларусь жакындашуусун көргөзүштү. Бул уникалдуу прецедент. Мамлекет башчысы белгилегендей, чындыгында сөз бирдиктүү эл жана бирдиктүү мамлекет жөнүндө болуп жатат. Ошондуктан, эки интеграциялык долбоордун алкагында кабыл алынган, максаттары такыр башка болгон демилгелерди айырмалоо абдан маанилүү. Ал эми Казакстанга келсек, биз кандайдыр бир союздук мамлекеттерди түзүүнү же кошулууну пландаган жокпуз».