Республикачылар алдыда: Байден жеңүүчүлөрдү куттуктады


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80552-1668686863-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кевин Маккарти жетектеген АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына шайлоодо Республикалык партия жеңди.

АКШнын президенти Джо Байден 16-ноябрда шаршемби күнү республикачыларды 8-ноябрдагы орто мөөнөттүү шайлоодон кийин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасында көпчүлүктү жеңип алышы менен куттуктап, алар менен америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн кызматташа турганын айтты.

Бул тууралуу Ак үй тараткан президенттин билдирүүсүндө айтылат.

Ал Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Кевин Маккартини куттуктап, натыйжаларга жетишүү үчүн алар менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.

Бул шайлоодо шайлоочулар чыгымдарды кыскартуу, добуш берүү укугун коргоо жана демократиябызды сактап калуу зарылдыгы тууралуу тынчсыздануусун ачык айтышты, деди Байден.

«Америка эли биздин алар үчүн иштешибизди каалайт… биз алар үчүн маанилүү нерселерге көңүл буруп, алардын жашоосун жакшырта алабыз. Мен жыйынтыкка жетүү үчүн мени менен иштешүүгө даяр ким менен болбосун – республикачы же демократ менен иштейм”.

Буга чейин, өткөн жумада АКШда Конгресске орто мөөнөттүү шайлоо өтүп, анын жүрүшүндө Өкүлдөр палатасынын толук курамы жана Сенаттын үчтөн бир бөлүгү кайра шайланган.

Республикалык партия АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасын көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон 218 орунга ээ болду.

Ашыкча баланс, кичине болсо да, республикачыларга Джо Байдендин администрациясынын күн тартибин кийинки эки жылда ишке ашырууну токтотууга мүмкүндүк берет.

Бул АКШда бийлик кайрадан экиге бөлүнөт дегенди билдирет, анткени жогорку палата – Сенатты көзөмөлдөө демократтарда кала берет.

Би-Би-Синин АКШдагы өнөктөшү CBS News телеканалынын болжолунда Республикалык партия 435 орундуу Өкүлдөр палатасында 218ден 223 орунга чейин ээ болот.

Өкүлдөр палатасынын республикачылардын көзөмөлүнө кайтып келиши Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу чечимин жарыялаган учурга туш келди.

Добавить комментарий