Президент Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Сауд Аравияга барат

Биринчи вице-премьер-министр Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Королдугу) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравия Королдугунун айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдулмохсен Аль-Фадли менен жолугушту.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун активдешүүсүн, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды орнотуу аракеттерин белгилешти. 

Маектешүүлөр эки тараптуу мамилелерге кошумча дем берүү максатында жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти жана жакынкы аралыкта КР Президенти Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарын сапаттуу уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү макулдашышты. 

Тараптар ошондой эле Сауд Аравия Королдугунун инвестиция министринин орун басары Бадр Аль-Бадр баштаган Сауд Аравиянын бир катар ири ишканаларынын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга жасаган иш сапарынын мазмунун талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Абдулмохсен Аль-Фадлиге кызматташтык боюнча кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комитетинин жыйынын жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, анын жыйынтыгы эки тараптуу кызматташуунун мындан аркы өнүгүшүнө кошумча дем берерине ишенимин билдирди.

Добавить комментарий