Нурланбек Шакиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташуу маселелери, анын ичинде биргелешкен долбоорлор жана узак мөөнөттүү пландар талкууланды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунда турат жана ТӨМ максаттарын ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө. 2030-жылга чейин алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылып жатабыз. Бул багытта мамлекет башчы олуттуу милдеттерди коюп, парламент дагы бул жаатта жигердүү иш алып барууда», – деди төрага.

Шакиев БУУнун колдоосунун маанилүүлүгүн белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Антье Граве БУУнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өлкөнүн Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдөгү аракеттерин жогору баалап, ошондой эле кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Добавить комментарий