Наташа Пирц Мусар Словениянын жаңы президенти болот

Словенияда 13-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 90% саналып, солчул борборчул көз караштардын жактоочусу Наташа Пирц Мусар лидерликке чыкты.

Бул тууралуу DW билдирди.

Белгиленгендей, бюллетендердин дээрлик 90%ы менен иштегенден кийин Наташа Пирц Мусар 53,91%, ал эми анын атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри, оңчул Словения Демократиялык партиясынан депутат Анже Логар 46,09% добушка ээ болууда.

Экинчи турга шайлоочулардын 44,08% катышты.

Ошентип, гезит белгилегендей, 54 жаштагы Пирц Мусар Словениянын президентинин кызматындагы биринчи аял болот. Бирок, бул мамлекет парламенттик республика болуп саналат, президент бир кыйла өкүлчүлүк функцияларын аткарат.

2004-2014-жылдары Пирц Мусар ЖМК эркиндиги боюнча акыйкатчы болуп иштеген. Юрист катары ал жекеликти коргоо жана маалыматка эркин жетүү менен алектенген. Анын кардарларынын арасында Мелания Трамп да болгон.

23-октябрда өткөн биринчи турдун жыйынтыгы боюнча Логар 34% жакын, Пирц Мусар дээрлик 27% добуш алган. Шайлоого жалпысынан жети талапкер катышты.

Жаңы мамлекет башчысы кызматына 23-декабрда кириши керек, деп түшүндүрөт DW. Анда Словениянын азыркы президенти Борут Пахордун беш жылдык мандаты аяктайт.

Добавить комментарий