Москвада КМШнын атайын кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өттү. Путин келгендерге кайрылды (ВИДЕО)


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-79181-1666880811-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Москвада дос мамлекеттердин коопсуздук органдарынын председателдеринин кецешмеси болду. Ага Кыргызстандан УКМК башчысы Камчыбек Ташиев катышты.

Москвада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 51-жыйыны өттү. Ушул эле күнү делегация башчылары Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Шериктештик мейкиндигинде коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн «жумшак күч» каражаттарын колдонгон чет өлкөлүк бейөкмөт, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын деструктивдүү аракеттерине биргелешип каршы туруу боюнча кошумча чаралар иштелип чыкты», – деп айтылат Россиянын ФСБнын билдирүүсүндө. 

Катышуучулар илимий-техникалык кызматташтыктын багыттарын, баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын мыйзамсыз эл аралык жүгүртүүсүнө бөгөт коюу, алдын ала тергөө жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын деструктивдүү иш-аракеттерине каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Министрлик белгилегендей, Кеңештин мүчөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн маалымат чөйрөсүндөгү коопсуздук коркунучтарынын өнүгүшүнө биргелешкен баа берүүнү жана болжолдоону жактырышты.

Владимир Путин жыйындын катышуучуларын антитеррордук чөйрөдө кызматташууну улантууга чакырды. Анын айтымында, «миграциялык агымдардын жамынуусу астында» террористтердин киришин чектөө зарыл.

«Анын ичинде согуштук тажрыйбасы бар чет элдик жалданма аскерлердин жайылышы олуттуу коркунуч туудурат», – деп кошумчалады Путин видеоконференцияда.

РФ Президентинин айтымында, КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрүндө террордук кылмыштардын, анын ичинде теракттардын саны азайган.

Путин Украина Россияга, ЖККУга жана КМШга каршы кочкор катары колдонулуп жатканын айтты.

КМШнын мүчөлөрү: Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Добавить комментарий