Өмүрбек Текебаев билим берүү жана ишке орноштуруу маселелерин талкуулады – КР ТИМ


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85210-1675253524-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Берлинде саясатчы Өмүрбек Текебаев менен ЖКнын өкүлүнүн ортосунда маданият, билим берүү жана ишке орноштуруу тармагындагы интеграция маселелери боюнча жолугушуу өттү.

31-январда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлин шаарынын депутаттар палатасынын мүчөсү Мануэла Шмидт менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ маалымат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн билим, илим, маданият тармагындагы кызматташуусу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Германияга интеграциялоо жана ишке орноштуруу маселелери талкууланды.

Шмидт депутаттык ишмердигинин маанилүү багыттарынын катарына миграция, билим берүү жана маданият маселелерин атаганы белгиленген. Ал Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

«Тараптар ошондой эле шаардык кеңештин аял депутаттары менен эки өлкөнүн парламенттеринин ортосунда өз ара тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты», – деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий