Кытай бийлик структурасында масштабдуу реформаны даярдап жатат

 

Кытай бийликтеги көпчүлүк чөйрөлөрүндө Коммунисттик партиянын көзөмөлүн күчөтө турган масштабдуу өкмөт реформасын баштоодо.

Кытайдын партиялык жана мамлекеттик институттарын реформалоо боюнча жарыяланган планга ылайык, өлкөнүн финансы системасына көзөмөлдү күчөтүү үчүн ККП Борбордук Комитетинин структурасында борбордук каржы комиссиясы түзүлөт. Бул тууралуу Xinhua агенттиги кабарлады.

Банк жана камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салуучулар жоюлат, борбордук банктын жана баалуу кагаздарды жөнгө салуучунун айрым функциялары партиянын Борбордук финансы комиссиясына өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары илим жана техника боюнча Борбордук комиссия түзүлөт, ал илим жана техника министрлигине, ошондой эле жарандардын арыздары жана сунуштары боюнча улуттук дирекциясына көзөмөл жүргүзө турган социалдык иш департаментинин функцияларын өзүнө алат.

Реформа борбордук өкмөт үчүн ушул жылдын аягына, жергиликтүү бийлик үчүн 2024-жылдын аягына чейин бүтүшү керек. Реформанын натыйжасы мамлекеттик башкаруу органдарына ККПнын контролдугун кучетуу жана Кытайдагы партиялык жана мамлекеттик бийликтин ортосундагы чек араларды жоюу болот.

Эске салсак, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин көптөн берки өнөктөшү Ли Цян Кытайдын жаңы премьер-министри жана мамлекеттин жетекчилигиндеги экинчи адам болуп калды.

Добавить комментарий