Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кулубаев Анкарада өткөн ТМУ Министрлер кеңешинин жыйынына катышты

16-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты.

ТМУ мамлекет башчыларынын кезексиз саммитинин алдында өткөн жолугушууда ТМУ мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер министрликтеринин башчылары уюмдун ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттарын жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. 

Катышуучулар Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу жана табигый кырсыктарга каршы туруу үчүн мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, ошол эле учурда жер титирөөнүн натыйжасында болгон курмандыктарга жана масштабдуу кыйроолорго байланыштуу түрк элине жана Өкмөтүнө көңүл айтуу менен дагы бир жолу көңүл айтышты.

Министр Кулубаев кырсыктардын тобокелдигин башкаруунун институционалдык жана уюштуруучулук аспектилерин күчөтүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алууну жактады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталган документтер боюнча макулдашышты жана ТМУ иш-чараларынын алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Добавить комментарий