Кыргызстандын президенти Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышууда


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-92209-1685019421-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-майда Москвада өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына түздөн-түз катышууда, деп билдирди президенттик аппараттын басма сөз кызматы.

Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери бар.

Жыйын кеңейтилген курамда өтүп, анда катышуучулар ЕАЭБ алкагындагы өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган маанилүү маселелерди талкуулап, чечимдерди кабыл алышат. Бардык делегациялардын өкүлдөрү Евразиялык экономикалык биримдиктин стратегиясын калыптандырууга жана долбоорлорун ишке ашырууга салым кошот.

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңеш (ЖЕЭК) Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы болуп саналат. ЕАЭБга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия кирет.

Эске салсак, 2023-жылы Биримдиктин органдарына РФ төрагалык кылат.

Добавить комментарий