Кыргызстандын делегациясы 2023-жылы Нью-Йоркто БУУнун суу боюнча конференциясына катышууда


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88341-1679558732-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстан Нью-Йорк шаарында 2023-жылдын 22-24-мартында өтүүчү 2023-жылы БУУнун суу боюнча конференциясына катышууда. Кыргызстандын делегациясынын курамында Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү бар.

22-мартта конференциянын алкагында Кыргызстан Италия, ЮНЕСКО, Тоо шериктештиги, БУУ-Суу жана Ага Хан Хабитат агенттиги менен «Суу ресурстары боюнча өнөктөштүк жана кызматташтык: БУУнун 2023-жылдагы дүйнөдөгү суу ресурстарынын абалы жөнүндө баяндамасынын негизги жыйынтыктары жана өлкөлөрдүн тажрыйбасы» деген темада кошумча иш-чара өткөрдү. 

Бул иш-чарада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Анвар Анарбаев сөз сүйлөп, суу ресурстарын пайдалануу маселелерин чечүүдө кызматташтыктын жана ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы суу ресурстарын башкаруунун ар кандай маселелерине арналган интерактивдүү диалогго жана башка кошумча иш-чараларга катышты.

Добавить комментарий