Кыргызстан жер алат: Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселелери жабык эшик артында чечилди


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/10/speech-77954-1665463449-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Жогорку Кеңештин депутаттары 10-октябрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Өзбекстан менен болгон чек аранын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишим долбоорун колдоп добуш беришти. Бул тууралуу журналисттерге комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков билдирди, деп маалымдайт “Азаттык”.

Парламенттин тармактык комитетинин жыйыны эртең менен Жогорку Кеңештин жыйындар залында башталды. Журналисттерге жана башка адамдарга видео, аудио жана сүрөткө тартууга тыюу салынды.

Мындай чечимди депутаттар жабык эшик артында өзүнчө кабыл алышты.

Кийинчерээк президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов журналисттерге билдиргендей, комитет мүчөлөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп, ал эми Кыргызстан 19699 гектарды ала турган келишимдин долбоорун жактырды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, суу сактагычта биргелешкен ишкана түзүлүп, анда Өзбекстан менен Кыргызстандан сегиз киши иштейт.

Комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо боюнча келишимдин долбоорун коомдук талкуулоо регламенттин алкагында өткөнүн билдирди. Анын айтымында, чечим кабыл алынганда депутаттардын пикирлери экиге бөлүнгөн. «Добуштар бөлүндү: макул – 6, каршы – 4. Мен каршы добуш бердим», – деди депутат.

Ал кошумчалагандай, парламент келишимди ратификациялоо маселесин Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери долбоорго кол койгондон кийин карайт.

Добавить комментарий