Кыргызстан, сүйлөшүүлөр, долбоорлор, Сауд Аравиясы, Эр-Рияд

Эр-Риядда 21-ноябрдан баштап эки күн бою Кыргызстан-Саудиянын өкмөттөр аралык комитетинин өлкөлөр ортосундагы кызматташуу боюнча жыйынында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын эксперттик топтору жана өкмөттүк делегациялары өнөр жай, инфраструктура, транспорт, энергетика, айыл чарба, суу менен камсыздоо, маданият, билим берүү жана туризм тармактарында, анын ичинде Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча алар 3-жыйындын протоколун макулдашат, ага эртең эки мамлекеттин комитеттеринин тең төрагалары кол коюшат.

Комитеттин кыргыз тараптан теңтөрагасы – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Саудия тараптан – КСАнын экология, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман Аль-Фадли.

Добавить комментарий