Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү. Протоколго кол коюлган

Тажикстандын борборунда Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын УКМК жетекчилери кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча протоколго кол коюшту.

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун төрагалыгы алдында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иш-чарасы өттү.

Кыргызстандын министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Тараптар кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

«Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү духунда өттү», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий