Кыргызстан кыргыз-украин мамилелерин калыбына келтирүү жана активдештирүү маселесин карап жатат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/08/speech-73986-1660031278-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов 4-августта Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) президенти Г.Чижиков менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, кыргыз тарап эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган иштерди активдештирүү сунушун киргизди.

Украинанын Соода-өнөр жай палатасынын президентине КР аймагындагы чет элдик инвесторлор үчүн преференциялар, жеңилдиктер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берилди.

Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы чакан жана орто ГЭСтерди куруу, «жашыл» энергетиканы көбөйтүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, туризм жана транс-технологиялар сыяктуу чет өлкөлүк жана украиналык инвесторлор үчүн кызыктуу долбоорлор айтылды.

Практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн украин тарапка туризм жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышуу максатында Кыргызстанда биргелешкен бизнес-форум уюштуруу сунушталды.

Украин тарап өлкөнүн бизнеси аны өнүктүрүү үчүн жаңы ыңгайлуу жерлерди жана багыттарды табууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар август айынын аягына чейин кийинки иш-чаралардын планын иштеп чыгуу үчүн экинчи жолугушууну уюштурууну макулдашышты.

Добавить комментарий