Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан ТИМ башчысы Норов КРга иш сапары менен келди: бир катар келишимдерге кол коюлду

Бейшемби күнү, 3-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын расмий сапарынын алкагында Жээнбек Кулубаев менен Владимир Норовдун жолугушуусу болду.

ТИМ билдиргендей, Жээнбек Кулубаев Владимир Норов менен жолугушту.

Сапардын жүрүшүндө тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери интенсивдүү жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

«Салттуу достук жана ишеним атмосферасында тараптар кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги маселелерин, аларды саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү перспективаларын талкуулашты, ошондой эле актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашышты. Алардын көпчүлүгү эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен макулдашууларга жетишип, өз ара түшүнүшүүгө жетишишти. Айрым маселелер боюнча мындан аркы чечүү жолдору белгиленди.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер достук, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда динамикалуу өнүгүп жатат деген пикирде болушту жана эки боордош элдин тарыхый мурастарынын, маданиятынын, тилдик, руханий салттарынын жана баалуулуктарынын жалпылыгынын негизинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү ниетин белгилешти», — деп билдирди КР ТИМ.

Кыргызстан Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын ТИМ башчылары – Владимир Норовдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду:

— Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө макулдашуу;

— Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматы менен Өзбекстан Республикасынын Суу чарба министрлигинин ортосундагы суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын Узарчив агенттигинин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Борбордук Азия эл аралык институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— 2023-2024-жылдарга эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасы;

— Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсү.

Өзбекстандын тышкы иштер министринин расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Владимир Норовду кабыл алды.

Добавить комментарий