КРнын Бахрейндеги элчиси Марипов Королдуктун мураскор принцине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/01/speech-83960-1673499684-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бахрейн Королдугунда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Мариповдун мураскор ханзаада Салман Аль Халифага ишеним грамотасын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.

Манама шаарында Кыргызстандын Бахрейн Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эр-Рияд шаарындагы резиденциясы менен Улукбек Мариповдун мураскор ханзаадага, Премьер-министрге жана Бахрейн Королдугунун Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары Улуу Даражалуу Салман бин Хамад Аль Халифага ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Марипов Бахрейндин Королу Хамад бин Иса Аль-Халифага жана Бахрейн элине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.

Элчи дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки дос өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү тармактардагы мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча КР Президенти тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Улуу Даражалуу мураскор ханзаада Салман бин Хамад Аль Халифа Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматта иштөөсү кыргыз-бахрейн мамилелеринин мындан аркы ар тараптуу өнүгүшүнө кызмат кыларына ишенимин билдирди, ошондой эле анын дипломатиялык миссиясында жемиштүү иш жана ийгиликтерди каалады.

Добавить комментарий