КР Президенти менен РК Парламентинин Сенатынын Төрагасы өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы менен жолугушууда кыргыз-казак мамилелери парламенттер аралык деңгээлде бекемделип, жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө толук ишенимин билдирди.

24-январда президент Садыр Жапаров Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашымбаевди кабыл алды. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Казакстан Парламентинин Сенатына шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Казакстан менен эки тараптуу кызматташуунун динамикасы абдан жогорку деңгээлде экенин жана Кыргызстан аны мындан ары да бекемдөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров Маулен Ашымбаевдин Кыргызстанга болгон иш сапары кыргыз-казак парламенттер аралык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди. Ошону менен бирге, жыйынын 2023-жылдын экинчи жарымында өткөрүү пландаштырылган Парламенттер аралык кеңештин ишин активдештирүү жана парламенттик делегациялардын/достук топторунун өз ара иш сапарларынын практикасын кайра баштоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын айтты.

Казакстан Парламентинин Сенатынын Төрагасы Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ал ошондой эле эки тараптуу кызматташуудагы оң жылыштарга токтолуп, анын ичинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында кабыл алынган жана бүгүнкү күндө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан маанилүү макулдашууларга көңүл бурду.

Маулен Ашымбаев Кыргызстанды ЕАЭБ органдарындагы ийгиликтүү төрагалыгы жана 2023-жылы КМШга төрагалык кылуунун башталышы менен куттуктады. Өз кезегинде Казакстан кыргыз тарапка бардык демилгелерди ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык союздаштык мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктүн бекем пайдубалында мындан ары да өнүгө берерине ишеним билдиришти.

Добавить комментарий