КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын Санкт-Петербургдагы бейформал саммити. Өткөн жылдын жыйынтыгы


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-82966-1672111349-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал саммитинин жыйынына катышты.

Б.Ельцин атындагы Президенттик китепканада өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин өлкө башчылары бейформал жолугушуу болгон залга өтүштү.

Россиянын Президенти Владимир Путин куттуктоо сөзүн сүйлөп, чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургга жаңы жылдык салттуу расмий эмес жолугушууга келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы төрагалык кылган мезгилде Шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча конкреттүү чараларды талдап чыкты. Ал ошондой эле Кыргызстан КМШга төрагалык кыла турган келерки жылда президент Садыр Жапаровго чоң ийгиликтерди каалады.

Анын айтымында, өтүп жаткан жыл оор болду. Мындай шарттарда Казакстан КМШга төрагалык кылуунун алкагында Шериктештиктин потенциалын чыңдоо боюнча чараларды көрдү. 80ден ашык ири иш-чаралар өткөрүлдү, чечимдер иштелип чыкты.

«Биздин биргелешкен аракеттерибиз октябрда Астанада өткөн саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган документтерде чагылдырылган. 2030-жылга чейин КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясынын милдеттерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул кадамдардын бардыгы биздин оюбузча ез жемишин берди. Мен соода үчүн ынгайлуу шарттарды түзүүгө көңүл бургум келет. Тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды жоюу, протекционизмди болтурбоо боюнча олуттуу иштерди жүргүзүү керек деп эсептейбиз. Азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташуу түзүлүшү керек», – деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрү транспорттук-логистикалык долбоорлордун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кызматташуунун жаңы форматтарына муктаж экендигине көңүл бурду. Бул жерде Түндүк-Түштүк коридору өзгөчө мааниге ээ.

Андан соң иш-чара басма сөзгө жабык форматта уланды.

Иш-чарага Азербайжандын президенттери Илхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Добавить комментарий