Кабулда КРнын ыйгарым укуктуу өкүлү Таалатбек Масадыков менен Ооганстандын өкмөтү жолугушту

КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Таалатбек Масадыков иш сапары менен Кабулда жүрөт.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ал де-факто ооган бийлигинин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар үчүн келген.

Иш сапардын башталышынан тартып, 6-ноябрдан баштап Ооганстан Ислам Эмиратынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басары Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларда аймактык коопсуздук маселелери жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маданий байланыштар, транспорт коридорлору жана ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Добавить комментарий