Эр-Риядда КР ТИМ менен Сауд Аравиясынын өкүлдөрү жолугушту. Садыр Жапаровдун сапары талкууланды

 

Сауд Аравияда тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусу болуп, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Эр-Риядга расмий сапарын уюштуруу маселеси талкууланды.

Бул тууралуу 7-ноябрда Эр-Риядда Кыргызстан менен Сауд Аравиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлиндеги ведомстволор аралык саясий консультация учурунда белгилүү болду.

Кыргыз делегациясын министрдин орун басары Азизбек Мадмаров, Сауд Аравиянын делегациясын саясий иштер боюнча министрдин орун басары Сауд Аль-Сати жетектеди. Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты. Ошондой эле ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана саясий диалогду чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар белгиленди.

Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарын уюштурууга жана анын мазмунуна өзгөчө көңүл бурулууда. Азизбек Мадмаров бул сапар маанилүү экенин жана кыргыз-сауд мамилесине оң импульс берерин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана КРда туризм, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. Ошол эле учурда Сауд Аль-Сати саудиялык инвесторлордун кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө жана биргелешкен идеяларды алдыга жылдырууга кызыкдар экенин билдирди.

Саудиялык тарап Сауд өнүктүрүү фонду жана Король Салман гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу Кыргызстанда социалдык долбоорлорду жана кайрымдуулук акцияларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар Бишкекте Кыргыз-Сауд бизнес-форумун, биргелешкен ишкерлер кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда үзгүлтүксүз түз авиакаттамдарды тез арада ачуу жана АККга кирүү үчүн КР жарандарына карата виза талаптарын жеңилдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоону макулдашышты. Мадмаров ошондой эле өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын алдыдагы жыйыны эки тараптуу мамилелер үчүн кошумча түрткү болорун баса белгиледи.

Добавить комментарий